Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Москвадагы үч айлык тыныгуудан кийин Вашингтонго кайтып барды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.
Ал АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливандын Орусияга каршы жаңы санкциялар топтому даярдалганы тууралуу айтканын «бул бардыгы күтүп жаткан сигнал эмес» деп сыпаттады.
«Санкциялар аркылуу мамилелерди турукташтарып, өлкөлөр ортосундагы бузулган ыркты оңдоого мүмкүн эмес», - деди элчи.
Буга чейин АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйды ууландырууга байланыштуу жаңы санкциялар топтомун даярдап жатканы маалымдалган.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливандын сөзүнө караганда, химиялык куралга байланыштуу Орусияга каршы дагы бир санкция даярдалууда.
16-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Жо Байден Женевада жолукканда элчилерди кайтарууну макулдашкан.
Март айында Москва АКШдагы элчисин чакыртып алган. Анын артынан бир айдан соң АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Салливан Вашингтонго кеңешүүгө кеткен.
Дагы караңыз
Кыргызстан Ооганстан менен баңгизатка каршы "Биргелешкен план" кабыл алатҮч шаардагы кайра шайлоо: үгүт өнөктүгү башталдыАйтыш-2021: сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды (видео)УКМК Бабановдун абакта машыгып жатканын төгүндөдүАзия өнүктүрүү банкы бизнести өнүктүрүүгө 80 миллион доллар беретЖапаров менен Козак вакцина маселесин талкуулады Армения: шайлоодо Пашиняндын партиясы жеңдиКоронавирус дагы алты кишинин өмүрүн алды, 585 учур катталды Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКыргызстанда курулуш материалдары 10,5% кымбаттадыНарында анар-жүзүм өстүргөн багбан