Кыргызгидромет агенттиги кабарлагандай, 22-июнда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй облусунун өрөөндөрүндө, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9 градус болот.
Бишкекте жаан чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 26…28 градуска чейин ысыйт.
Дагы караңыз
УКМК Бабановдун абакта машыгып жатканын төгүндөдүӨлкөдө 1700дөн ашык киши гемодиализ алатАзия өнүктүрүү банкы бизнести өнүктүрүүгө 80 миллион доллар беретКыргызстанда курулуш материалдары 10,5% кымбаттадыЖапаров менен Козак вакцина маселесин талкуулады