Кыргызстанда курулуш материалдары 10,5% кымбаттады

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетитинин эсебинде, май айында курулуш материалдары өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 10,5% кымбаттады.

Анын ичинен кыш 17%, кесилген жыгач материалдар 15,6%, шифер 15,2%, цемент 10,4% жогорулады.

Негизинен кыш Нарын менен Талас облусунда, жыгач материалдар Баткен жана Жалал-Абад облустарында кескин кымбаттаганы байкалды.

Статистика комитети буга чейин өлкөдө тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 6,8%, азык-түлүктүкү 3% өскөнүн билдирген.

Ушул жылдын январь-май айларында ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмү 215 миллиард сомдон ашып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6% төмөндөгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Жапаров менен Козак вакцина маселесин талкуулады Коронавирус дагы алты кишинин өмүрүн алды, 585 учур катталды Маматов: Мыйзам бузган талапкерлер кайра шайлоого катышкан жок