Президент Садыр Жапаров Орусиянын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды.
Өлкө башчынын администрациянын басма сөз кызматы 21-июнда тараткан маалыматка караганда, анда кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгы талкууланды.
Ошондой эле, Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушууда коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү чаралары, анын ичинде өлкөгө орус вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды. Кыргызстан ушул убакытка чейин Орусиядан баш-аягы 100 миң доза Sputnik V вакцинасын алды.
Садыр Жапаров 24-25-майда Орусияга иш сапары менен барып келген. (BTo)
Дагы караңыз
Коронавирус дагы алты кишинин өмүрүн алды, 585 учур катталды Маматов: Мыйзам бузган талапкерлер кайра шайлоого катышкан жокАрмения: парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы чыктыКургакчылык: Казакстан Тажикстандан суу алат