Армения: парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы чыкты

Никол Пашинян

Арменияда 20-июнда өткөн мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоодо бюллетендердин 70% эсептелди.

Баштапкы жыйынтык боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашиняндын "Жарандык келишим" партиясы алдыда келе жатат.

БШКнын маалыматы боюнча, 2008 добушкананын 1378индеги добуш берүүнүн маалыматына ылайык (болжол менен 1 миллион 281 миң шайлоочунун 758 425 шайлоочусунун добушу иштелип чыккан) "Жарандык келишим" 56,53% ээ болуп, Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочаряндын "Айастан" (Армения) блогу 19, 56% добуш алган.

Кийинки орундарда "Менде Намыс бар" блогу (Артур Ванецян) - 5,34% жана "Гүлдөгөн Армения" партиясы (Гагик Царукян) - 4,4%. Калган күчтөр 2 пайыздан көп эмес добушка ээ.

Арменияда 20-июнда өткөн кезексиз парламенттик шайлоого 21 партия жана 4 блок катышкан. Добуш берүүгө 2,578 миллион жарандын ичинен 1 281 174 же 49,4% катышты. (МТа)

Дагы караңыз

Шайлоо: Ошто 76 талапкер тизмеден чыгарылдыCOVID-19: Хорватия Кыргызстанга вакцина беретПутин элдин суроолоруна түз эфирде жооп беретБразилия жана Орусияда коронавирус жайылууда