Казакстандын Экология жана табигый ресурстар министрлиги 2021-жылы Казакстандын түштүгүндө суу тартыштыгынан улам, Тажикстандын Кайраккум суу сактагычынан кошумча 315 миллион кубометр сугат суусун алуу боюнча келишимге кол коюлганын кабарлады.
"Мындай көлөмдөгү суу июнь, июль жана август айларында Казакстандын түштүк облустарындагы күрүч талааларын сугарууга жумшалат. Буга жооп иретинде Казакстан Тажикстанга күйүүчү май жана техникалык жабдууларды бөлүп берет. Ошондой эле келишимге ылайык Кайраккум суу сактагычында өзгөчө кырдаал пайда болгондо, Казакстан Тажикстанга каржылык жана техникалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү" деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Өзбекстанга кошумча суу берилеби?
Ал эми "Азаттык" радиосунун тажик кызматынын жеке булагы 31-майда Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума менен Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мирзагалиевдин ортосунда суу маселеси боюнча келишимге кол коюлганын билдирди. Бирок ал Кайраккум суу сактагычынан Өзбекстанга кошумча суу берилери тууралуу маалыматты четке какты. 10-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанга болгон расмий иш сапары учурунда Кайраккум ГЭСине барган. Ага чейин өзбекстандык дыйкандарга быйыл негизи суу тартыш болорун жана сугат суу 60 пайызга кыскарарын эскерткен.
Ушул жылдын башынан бери тажик аткаминерлери өлкөдө жаан-чачындын аздыгы жана суу сактагычтардагы суунун тартыштыгы, анын ичинде Кайраккум ГЭСинин абалы жөнүндө айтып келишет. Тажикстандын Улуттук илимдер академиясынын мөңгүлөрдү изилдөө борборунун директору Абдулхамид Каюмов быйыл ансыз деле өлкөнүн дарыяларында суунун деңгээли түшкөнүн айтты:
"Учурда Варзоб дарыясынын жогорку агымында суунун деңгээли төмөн. Дарыяда болгону 30 сантиметр суу көрүнөт, бул жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өтө аз. Негизи эле суу бардык дарыяларда аз болуп жатат. Анткени, кышында кар өтө аз жаады".
Кыргызстандын тажрыйбасы
Ал ортодо суу-энергетика жаатындагы адистер болсо быйыл жаан-чачын аз жаагандыгын алдын алуу жана кар менен суу ресурстарын так аныктоо кыйынга турарын айтышат. Тажикстандык энергетика тармагы боюнча серепчи Хомиджон Орипов жай мезгилинде суу сактагычтардагы ашыкча сууларды экспорттоого убакыт келгенин билдирди:
"Жыл башында Борбор Азиядагы өлкөлөр дарыялардагы сууну бөлүштүрүүнү пландаштырышат. Кыргызстан адатта кышында Токтогул суу сактагычынан көп көлөмдө сууну агызып жиберип, жайында ашыкча сууну акчага сатат. Ошондой эле биз Кыргызстандын тажрыйбасын колдонушубуз керек".
Былтыр суу тартыштыгына байланыштуу Өзбекстан Тажикстандан Кайраккум суу сактагычынан сугат үчүн кошумча суу алууну суранган. Ошол учурда Өзбекстандын Энергетика министрлиги Тажикстанга секундасына 500 литр суу чыгаруучу беш насос, башка дагы 20 насос берилерин билдирген. Өзбек тарап Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлигине кошумча суу үчүн 1,5 миллиард сум (болжол менен 145 миң доллар) төлөп берген.
Кайраккум суу сактагычы Тажикстандагы эң ири суу сактагычтардын бири. Анын аянтынын узундугу 65 километр, туурасы 20 километр. Ал эми суу сактагычтын сыйымдуулугу 3,413 миллиард чарчы метрди түзүп, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстанда электр энергиясын өндүрүү жана айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн колдонулат. Жалпысынан Тажикстанда тогуз суу сактагыч бар, алардын эң чоңунун сыйымдуулугу 10,5 миллиард кубометрге чейин жетет.
Кыргызстанда да суу тартыш
Сугат суу таңкыстыгы Кыргызстанда да байкалып, өткөн апта Чүй облусунун үч районунун дыйкандары эки жолу митингге чыгышты. Өкмөт суу жылдагыдан аз келип жатат деген түшүндүрмө берген. Мындай жагдайдан улам дыйкандардын эгин-тегини күйүп, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн деп эскерткендер да бар.
Дагы караңыз
Суу тартыштыгы дыйкандарды убайымга салдыОшондой эле митингге чыккандар "Кыргызстан Казакстанга суу сатып жатат" деген пикир айтышкан. Суу ресурстары агенттиги мындай дооматтарды четке кагып, Чу суусунун 42% Казакстан колдонорун билдирген.
16-июнда суу көйгөйү, дыйкандардын маселеси парламент жыйынында көтөрүлүп, депутаттар Министрлер кабинетинен антикризистик план талап кылып, министрлер кабинетинин төрагасын сынга алышкан.