COVID-19: Австралияда жаңы типтеги вакцина сынала баштады

Австралияда коронавируска каршы Nucleus Network компаниясы иштеп чыккан спрей өңдүү жаңы типтеги вакцина сынала баштады. Адистер бул препарат AstraZeneca жана Pfizer вакциналарына караганда натыйжалуу болушу мүмкүндүгүн айтып жатышат.

Компаниянын медицина багытындагы директору Пол Гриффиндин айтымында, жаңы вакцина коронавирустун жайылышын бир канча эсе азайтат. Толук колдонууга эки жылдан кийин чыгарылат.

Учурда Австралия тургундары AstraZeneca жана Pfizer вакциналары менен эмделүүдө. Өкмөт 25 миллион эл 2021-жылдын аягына чейин эмделип бүтөрүн билдирген.

Австралияда 30 миң адамга COVID-19 вирусу жугуп, 900дөн ашууну көз жумду.

Дагы караңыз

Арменияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп жататКөп аял алуудан эч ким утпайтТүркия: кыргызстандыктар опузалоого шектелип кармалганы кабарландыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиЯлтада селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды