Ала-Букада жаңы мектеп ачылды

Кызыл-Ата айылындагы жаңы мектеп.

Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында жаңы мектеп бүтүп, пайдаланууга берилди.

2019-жылы курулушу башталган мектепти Сауд өнүктүрүү фонду каржылап, “Мамлекеттик мектептерди куруу” долбоорунун алкагында салынды. Ага 69 миллион сом коротулду.

Кызыл-Ата айылындагы №6 Чангылов атындагы орто мектебинин окуучулары буга чейин бала бакчага ылайыкталган эски имаратта билим алышкан.

Жаңы мектеп 225 окуучуга ылайыкталган.

Ала-Бука аймагында 45 мектеп бар, анын алтоо авариялык абалда. Учурда райондо жаңы үч мектеп курулуп жатат. (TB)

Дагы караңыз

Руслан Акун: Дипломдуу билимсиздер көбөйдүЭксперттер Кыргызстанда коронавирус кескин курчуй турганын эскертишти Бишкекте кыйноого каршы мини-футбол турнири өтүп жататПрезидент: инвесторлор Ат-Башыга логистикалык борбор салууга даяр