Орусияда парашютчулар бараткан учак кулады

Архивдеги сүрөт. L-410 үлгүсүндөгү учак кабылган кырсык. 2017-жыл, 15-ноябрь, Орусия.

Орусиянын Кемерово облусунда L-410 үлгүсүндөгү учак кулады. Кырсык 19-июнда болду. Каза тапкандар жана жараат алгандар бар экени тууралуу Сибир авиация издөө-куткаруу борбору кабарлады.

"Известия" басылмасы эки инструктор менен эки учкуч курман болгонун жазды.

Эки кыймылдаткыч менен иштеген учактын бортунда 17 парашютчу жана эки учкуч болгон. Асманга көтөрүлгөндө мотор иштебей калган. Чукул конуп жатканда токойдогу дарактарга кулаган.

Дагы караңыз

Өзбекстанда акимчиликке кой айдап барган адам камалдыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКоронавирус 870 кишиден аныкталдыЧүйдө мечиттегилерди курал менен коркуткан киши үй камагына чыгарылдыПольша өкмөтү Орусияны масштабдуу киберчабуул үчүн айыптады