Чүй облусундагы мечиттердин бирине куралчан кирип келип адамдарды коркуткан жаран үй камагына алынды.
Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 63 жаштагы жергиликтүү тургун 15-июнда мечитте сыйынып отургандарды травматикалык курал менен коркуткан. Күбөлөр ал мас экенин айтышкан.
Милиция шектүүнү кармаганда, жанынан травматикалык курал жана ок табылган. Анын үстүнөн Кылмыш кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон. Сот анын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.
Айрым басылмалар ал адамдарды коркуткан учурда эки ирет ок атканын жазышты. Милиция окуянын чоо-жайы тууралуу кошумча маалымат бере элек. (SE)
Дагы караңыз
Польша өкмөтү Орусияны масштабдуу киберчабуул үчүн айыптады Өкмөт “токмок жечү балага” айланды Базарда баа өстү: Эртең эмне болот?Коронавирус 870 кишиден аныкталды