Нарынды өнүктүрүү фондуна "Кумтөрдүн" кирешесинин 0,6% которулуп турат

Президент Садыр Жапаров 18-июнда Ат-Башы районунун тургундары менен жолукту.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын эсебинен түзүлө турган Нарын облусун өнүктүрүү фондуна жыл сайын компаниянын дүң пайдасынан 0,6% которулат. Бул каражат аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жумшаларын президент Садыр Жапаров 18-июнда Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушууда айтты.

Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлөрү тууралуу президент 15-июнда Кумтөр алтын кенине барганда белгилүү болгон.

Дагы караңыз

Президент: инвесторлор Ат-Башыга логистикалык борбор салууга даярТашкент-Дүйшөмбү: толук ачылбаган чек араАлмамбет Салиев эки айга камакка алынды Орусия жумушчу күчүн тартууга чартердик поезддерди колдонот

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду дагы “Кумтөр Голд Компани” компаниясынын кирешесинин 1% түзүлгөн.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген. (BTo)