Ош шаарында коронавирус боюнча абал курчуганына байланыштуу 1-июлдан тартып тойканаларда иш-чара өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу сунушу берилди. Бул тууралуу 18-июнда мэриядан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, азыр ресторандардын ээлери менен кийинки айга буюрутма албоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
8-июнда Ош шаары COVID-19 боюнча “кызыл зонага” киргизилген.
15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирди.
Жалпысынан 18-июнга карата өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий саны 113 430 адамга жетти, алардын 1 920сы каза болду. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (DU)
Дагы караңыз
"Кумтөр ишине" байланыштуу Тайырбек Сарпашев кармалдыАКШ: кулчулук жоюлган күн майрам катары белгиленетЭлет аялдарынын экономикалык укуктары талкууландыКазат Акматовдун 80 жылдыгына арналган конференция өттү