Ошто бүгүн 18-июнда президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин жакындары маалымат жыйын курушту. Алар Салиевге тагылган айып негизсиз экенин билдиришти.
Өзүн Кадырбек Абдылдаев деп тааныштырган адам “Ал басым жасап, кысым кыла турган бала эмес эле. Анын күнөөсү аныкталды деп айтуу туура эмес. Салиевдин иши акыйкат тергелишин талап кылабыз” деди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Салиев Жазык кодексинин 323-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө абагына киргизилгенин 17-июнда билдирген.
Атайын кызмат Салиев ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда артыкчылыктардан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишкени, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган. (DU)
Дагы караңыз
Жээнбеков менен Зулпукаровдун бөгөт чарасы 23-июнда каралатОрхан Инандынын тарапкерлеринин акциясы уланууда“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамды талкуулаган жыйын өтүүдө"Кумтөр ишине" байланыштуу Тайырбек Сарпашев кармалды