Кремл Украинанын НАТОго кошулуу планын "кызыл чек" деп мүнөздөдү

Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украина НАТО уюмуна кабыл алына турган болсо, Орусия аны "кызыл чектен өткөндүк" деп эсептей турганын билдирди. Песков орус тараптын мындай позициясын АКШ президенти Жо Байден менен орус лидери Владимир Путиндин Женевадагы алгачкы жолугушуусунан кийин "Эхо Москвы" радиосуна курган маегинде айтты.

"Президент Байдендин Европадагы сапары маалында биринчи жолу НАТОго мүчө болууга байланыштуу иш-аракеттердин планынын Украинага потенциалдуу түрдө сунушталышы тууралуу так уктук. Бул маселе мынчалык жогорку деңгээлде биринчи жолу айтылып жатат. Албетте, бул бизди тынчсыздандырат", - деди Песков.

14-июнда украин президенти Владимир Зеленский Түндүк атлантикалык аскердик альянска мүчө болуу планына байланыштуу Байденден "ооба" же "жок" деген так жооп күтө турганын билдирген.

Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, андан бери Украинанын чыгышындагы жикчил күчтөргө колдоо көрсөтүп келет. Бул аймакта өкмөттүк күчтөр менен жикчил топтордун куралдуу кагылышууларынан дээрлик жети жыл ичинде 13 миңден ашуун адам мерт болду. Байден Киев НАТОго мүчө болушу үчүн коррупциянын тамырын кыркуу сыяктуу бир топ талаптарды аткарышы керек экенин айткан.

Байден менен Путин 16-июндагы жолугушуусу "конструктивдүү" жана "позитивдүү маанайда" өткөнүн билдиришкен. АКШ президенти бул саммитте Орусиядагы адам укуктарынын абалы, киберчабуулдар, Беларустагы кырдаал өңдүү бир топ маселени көтөргөнүн айткан. Дмитрий Песков 17-июндагы маегинде Байден менен Путиндин саммитин "оң жышаан" деп мүнөздөдү.

Дагы караңыз

Марипов: Азык-түлүк коопсуздугуна коркунучту ачык айтып жатабызАт-Башы: келинин өлтүрүүгө шектелген кайнага өз жанын кыйдыАктөбөдө автоунаа өрттөнүп кетип, эки бала каза болду"Кумтөр иши": Узакбаев менен Баатырбеков үй камагына чыкты