Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов кадр дайындоодо парламент депутаттары кийлигишип жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу ал 17-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Бардык маселеге Министрлер кабинети күнөөлүү. Бирок кадр маселесине келгенде кийлигишпегиле. Таарынычтар ушундан чыгып жатат. Мына депутат Бактыбек Райымкулов бир кишисин Чүйдүн Панфилов районунун акиминин биринчи орун басары кылып дайындап бер деди. Бирок колуман келген жок. Айрым депутаттар капиталдык салымдарды чечип бер деп жатат”, - деди Марипов.
Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” депутаты Бактыбек Райымкулов бул маселе менен Мариповго телефон чалганын бышыктады. Бирок ал Мариповду кадр маселесинен биринчи сугат, кымбатчылык көйгөйүн чечүүнү талап кылды.
Бир катар депутаттар дагы Мариповдун "сырттан кадр дайындоого кийлигишет" деген сөзүн сындап чыгышты.
Министрлер кабинетиндеги соңку кадрдык жүрүштөр социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган. (MiK)
Дагы караңыз
Жалал-Абадда “Кыргыз жараны” концепциясы боюнча жыйындар өтүүдөМарипов: Азык-түлүк коопсуздугуна коркунучту ачык айтып жатабызДепутат Бекешев электр энергиясынын тарифин көтөрбөй турууну сунуштадыАт-Башы: келинин өлтүрүүгө шектелген кайнага өз жанын кыйдыАктөбөдө автоунаа өрттөнүп кетип, эки бала каза болдуМарипов: президент өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын даярдап жатат