Марипов: президент өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын даярдап жатат

Улукбек Марипов

Президент Садыр Жапаровдун өлкөнү өнүктүрүүнүн беш жылдык стратегиясы даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Ушул жылдын аягына чейинки антикризистик программаны даярдаганбыз. Бирок аны бекитпей, токтоп турганыбыздын себеби, президенттин өнүктүрүү стратегиясы даярдалып жатат. Ошонун негизинде биз планды бекитебиз”, - деди Марипов.

Ушул тапта парламент Министрлер кабинетинин кризиске каршы программасын жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууда жаралган көйгөй боюнча маалыматын угуп жатат. (MiK)

Дагы караңыз

Ат-Башы: келинин өлтүрүүгө шектелген кайнага өз жанын кыйдыМарипов: Азык-түлүк коопсуздугуна коркунучту ачык айтып жатабызПарламент өкмөттүн кризиске каршы маалыматын угуудаУлукбек Марипов: Маселе менде болсо азыр кеткенге даярмын, бирок иштен алуу маселени чечпейт"Кумтөр иши": Узакбаев менен Баатырбеков үй камагына чыктыКыргызстанга "Спутник V" вакцинасынан дагы 80 миң доза келди