Актөбөдө автоунаа өрттөнүп кетип, эки бала каза болду

Актөбөдө өрттөнүп кеткен автоунаа, 16-июнь 2021-жыл.

Казакстандын Актөбө облусунун Айтекебий районунда автоунаада чыккан өрттөн жараат алган экинчи өспүрүм чарчап калды. Бул тууралуу облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Айгүл Күштаева кабарлады. Маалыматка ылайык, 16-июнда болгон кырсыктан кийин 3 жаштагы наристе окуя болгон жерде көз жумган. Экинчиси 7 жаштагы бала 17-июнга караган түнү ооруканада жашоо менен кош айтышты.

"Баланын денесинин 80 пайызы күйүк алганына байланыштуу Айтекебий районунун ооруканасына жеткирилип, ага жандандыруу бөлүмүндө жардам көрсөтүлгөн. Ага шаардан медициналык авиациянын жардамы менен курамында реаниматолог, анестезиолог, травматолог бар дарыгерлер тобу барган. Бардык медициналык жардам көрсөтүлдү. Тилекке каршы жардамдан натыйжа чыкпай, бала кайтыш болду", - деди Айгүл Күштаева.

Маалыматка караганда, шаршемби күнү Айтекебийге караштуу Енбекти айылында турак жайдын жанындагы ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү автоунаада өрт чыккан. Машиненин ичинде ойноп жаткан бир туугандар унаадан чыга албай калганы кабарланып жатат.

Кайгылуу окуя болгон күнү бул аймакта күн катуу ысыган. Бирок автоунаа эмне себептен күйүп кеткени расмий айтыла элек. Полиция тараткан сүрөттөн автоунаанын темир корпусу гана калганын көрүүгө болот. Бул кырсыкка байланыштуу Актөбө полициясы кылмыш ишин козгоду.

Дагы караңыз

Аймактык шайлоо комиссиясы үгүт учурунда мыйзамды сактоого чакырдыКыргызстанда коронавирус жуккан медкызматкерлер беш миңден аштыСабиз баасы боюнча Чүйдүн үч-төрт ишкерине карата териштирүү жүрүүдөГонконгдо демократиячыл гезиттин жетекчилери кармалдыБабановго үй-бүлөсү менен жолукканга уруксат берилдиКытай үч астронавтын биринчи жолу жаңы космостук станциясына учурду