«Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси, алдамчылыкка шектелип кармалган ишкер Генрих Балян мамлекетке 60 миллион сом төктү. Бул тууралуу 17-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Баляндын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда бүгүн каралат.
УКМК ал мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өтпөй турган мүлктү күрөөгө коюп, башка бирөө аркылуу 2,3 миллион долларлык насыя алганын 16-июнда кабарлаган.
Жазык кодексинин “Алдамчылык” деген беренесинин негизинде иш козголуп, ишкер 15-июнда УКМКнын тергөө абагына отургузулган.
Балян Венгриянын Кыргызстандагы ардактуу башкы консулу катары да белгилүү. УКМКнын айыптоосу боюнча анын жактоочулары азырынча комментарий бере элек. (RK)
Дагы караңыз
Парламентте министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү"Клооптун" фемицид тууралуу иликтөөсү эл аралык Sigma Awards сыйлыгын алдыДепутаттар фейктердин каралоосуна кабылганын айтып чыгыштыУКМК: Алмамбет Салиев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды