Кыргызстанда кызмат көрсөтүүнүн баасы 4% жогорулады

Кийим тигүүчү цехтин кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл январь-май айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстанда калкка кызмат көрсөтүү тарифтери дээрлик 4% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ага ылайык, ушул жылдын алгачкы беш айында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 14%, анын ичинде аба каттамдарынын баасы 2,7 эсеге, амбулатордук кызмат көрсөтүүлөр 6,8%, бут кийим оңдоо 4,3%, кийим тигүү 4,1% жогорулады.

Андан тышкары турак жайларды оңдоо кызматтары 3,4% жана маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр 0,5% өстү.

Статком күн мурун эле беш айда ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмү 215 миллиард сомдон ашып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6% төмөндөгөнүн, азык-түлүктүн баасы өсүп жатканын кабарлаган. (BTo)

Дагы караңыз

Эсеп палатасы коронавируска каршы күрөшүүгө кеткен чыгымды иликтейтКыргызстанда коронавирус жуккан медкызматкерлер беш миңден аштыМуфтий болуу үчүн тогуз талапкер арыз берди"Жарандык коом күчтүү болсо"