Кыргызстанда коронавирус жуккан медкызматкерлер беш миңден ашты

Кыргызстандагы ооруканалардын биринде дарыгер бейтаптын сатурациясын текшерип жатат. Бишкек. Апрель, 2021-жыл.

Кыргызстанда акыркы бир суткада 35 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул акыркы айлардагы эң чоң көрсөткүч.

Жалпысынан COVID-19 менен 5 004 медициналык кызматкер катталды, алардын 4 710у айыгып чыкты.

8-июнга карата расмий эсепте оору жуккан медкызматкерлердин 100дөн ашыгы каза болду.

Өкмөт каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон, ооруну жугузуп алгандарга 200 миң сомдон төлөп келе жаткан. Быйыл ал сумма 75 миң сомго төмөндөтүлдү.(BTo)

Дагы караңыз

Муфтий болуу үчүн тогуз талапкер арыз бердиБүгүн Кыргызстанга “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы келетАКШдагы мекендештер Баткенге 18 млн. сом бердиДин комиссиясы БАЭнин “Хидаят” борбору менен кызматташтыкты талкууладыЖыл башынан бери адам уурдоо боюнча 200гө жакын факты катталды