Дин комиссиясы БАЭнин “Хидаят” борбору менен кызматташтыкты талкуулады

Жолугушуу учурунда тартылган сүрөт.

Бүгүн 16-июнда Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) “Хидаят” борборунун директору Али Рашид ал-Нуайми менен жолугушуу өткөрдү.

Мекеменин маалыматына караганда, “Хидаят” борбору – экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык уюм.

Жолугушууда дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, диний билим берүү, экстремизмди алдын алуу боюнча тажрыйба алмашуу, диний уюмдардын кайрымдуулук иштери тууралуу сөз болуп, тараптар кызматташтыкты өнүктүрүп, чыңдоого ишеним билдиришти.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда жетекчилик соңку жарым жылда үч жолу алмашты. Тойгонбай Абдыкаров директор болуп президенттин жарлыгы менен 3-июнда дайындалган.

Комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2,5 миңдей мечит, 100дөн ашуун медресе, 10 ислам институту бар. Имамдардын саны 2800дүн тегерегинде. (RK)

Дагы караңыз

Байден менен Путиндин жолугушуусу башталдыЖыл башынан бери адам уурдоо боюнча 200гө жакын факты катталдыКинорежиссёр жана сценарист Самир Жапаров дүйнө салдыКыргыз-тажик чек арасындагы абалды облус башчылары талкуулашты