Бишкекте “Жарандык агартуу академиясы” коомдук уюмунун кезектеги сабактары башталды. Бүгүн 16-июнда иш-чаранын ачылышына Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева жана белгилүү илимпоздор катышты.
Бүгүн академиянын угуучуларына белгилүү тарыхчылар, саясат талдоочулар, окумуштуулар Кыргызстандын эгемендик жолу, демократия тууралуу дарстарын окуп жатышат.
Сабактар Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналып уюштурулду.
“Жарандык агартуу академиясы” – талкуу жана анализ жүргүзүү үчүн ачылган эркин аянтча. Долбоордун максаты – Кыргызстандын ар кайсы аймагынын, тармактардын жана кесиптердин ээси болгон активдүү, прогрессивдүү лидерлерин тарбиялоо. Сабактарга каалоочулар арыз берип, катыша алат. (RK)
Дагы караңыз
Москвада тейлөө тармагында иштегендер эмделүүгө милдеттүүБаткенге өзгөчө макам берүү долбоору биринчи окууда кабыл алындыУКМК: Генрих Балян алдамчылыкка шек саналып кармалды Мюнхен: стадионго парашютист конгондо бир нече киши жараат алды