Москвада тейлөө тармагында иштегендер эмделүүгө милдеттүү

Москвадагы эмдөө пункту.

Москва шаарынын бийлиги тейлөө тармагында иштеген кызматкерлердин 60% милдеттүү түрдө COVID-19 илдетине каршы эмделиши керек деп чечти. Орус башкалаасында коронавирустун жаңы учурлары кескин өсүүдө.

Шаар башчы Сергей Собянин кырдаал абдан начарлап баратканын айтып, ооруканаларга күч келтирбөө, өлүмдөрдүн алдын алуу үчүн элди эмделүүгө чакырды.

12-июнда мэр 15-июндан тарта бир жумага эс алуу жарыялаган.

Акыркы суткада Москвада вирус аныкталгандар алдыңкы күнгө караганда дээрлик алты миңге көбөйүп, 11 миңден ашты. 24 саатта шаарда илдеттен 75 киши көз жумду. Мындай көрсөткүч 19-январдан бери каттала элек эле.

Расмий маалыматка ылайык, пандемия башталгандан бери Орусияда коронавирус 125 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Бирок эксперттер чыныгы статистика мындан жогору дешет.

Дагы караңыз

Баткенге өзгөчө макам берүү долбоору биринчи окууда кабыл алынды"Казакстан электрди бекер бербейт"УКМК: Генрих Балян алдамчылыкка шек саналып кармалды Мюнхен: стадионго парашютист конгондо бир нече киши жараат алды"Левада": орусиялыктар дос өлкө деп атаган ондукта Кыргызстан бар