Министрлер кабинети парламенттин 17-июндагы жыйынында сугат маселеси жана антикризистик чаралар боюнча маалымат берет. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 16-июндагы жалпы отурумунда кабыл алынды.
Жыйында бир нече депутат өлкөдө сугат суунун тартыштыгына дыйкандар нааразы болуп жатканын айтып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралганын билдиришти. Алар буга байланыштуу аткаруу бийлигинин маалыматын угууну сунуштап, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун келишин талап кылышты.
Чүй облусунун Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй жана Камышанов айыл өкмөттөрүнүн дыйкандары сугат суу тартыштыгын айтып, 14-июнда Министрлер кабинетинин алдына нааразылык акцияга чыгышкан. Алар суу бөлүштүрүүдө башаламандык болуп, жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлдөбөй жатканына арызданышкан.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин орун басары Абдыбай Жайлообаев кышында кар аз жаагандыктан, сугатка суу тартыш болуп жатканын билдирген. (BTo)
Дагы караңыз
"Левада": орусиялыктар дос өлкө деп атаган ондукта Кыргызстан барИИМ: Инанды боюнча тергөө иштери азырынча айтылбайтМал-жандыкты сыртка сатууга коюлган чектөө алынмай болдуМинистр: Электр энергиясы боюнча тариф президент менен макулдашылганКыргызстандын мамлекеттик карызы беш миллиард долларга чамалады