Бишкекте вице-мэрлер алмашты

Бишкек мэриясы.

Бишкек шаарында вице-мэрлер алмашты. Мэриянын басма сөз кызматы 16-июнда кабарлагандай, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка ишке өткөнүнө байланыштуу жумуштан кетти.

Анын ордуна вице-мэрлик кызматты аркалап келген Жамалбек Ырсалиев дайындалды, ал буга чейинкидей эле турак жай-коммуналдык чарба маселелерин тейлейт.

Максатбек Сазыкулов экономика жана каржы маселелери боюнча вице-мэр болду. Буга чейин ал Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунда департамент башчысы болуп иштеп жаткан.

Бишкек мэриясында биринчи вице-мэрден тышкары ар бир багытты тейлеген төрт вице-мэр бар. (RK)

Дагы караңыз

Министрлик сабиздин кымбаттаган себебин түшүндүрдүАКШ администрациясы Царнаевге өлүм жазасын колдонууга чакырдыКыргызстандын мамлекеттик карызы беш миллиард долларга чамаладыБишкекте "Табылга" тасмасынын бет ачары өттү