АКШ администрациясы Царнаевге өлүм жазасын колдонууга чакырды

Жохар Царнаев. 23-март 2015-жыл

Президент Жо Байдендин администрациясы АКШнын Жогорку сотун Бостон марафону учурундагы жардыруу үчүн айыпталган Жохар Царнаевдин өлүм жазасын калыбына келтирүүгө чакырды. Юстиция министрлиги үстүбүздөгү аптада тапшырган документте бул “өлкө тарыхында терроризм үчүн күнөөлүү адам сот жообуна тартылган эң маанилүү иш” деп айтылат.

Мекеменин юристтери төмөнкү инстанциядагы сот былтыр Царнаевдин өкүмүн туура эмес жокко чыгарып койгон деп эсептешет. Ал жолу сот жюри мүчөлөрүн тандоо процессине күмөн саноосун билдирген.

Жогорку сотто президенттик администрациянын атынан сүйлөй турган адвокаттын кеңсеси Царнаевдин "ар бир кылмышын карап чыгышканын жана ал жеке өзү кылган үрөй учурган иштер өлүм жазасын актайт деп аныкташканын" билдирди.

Улуту чечен 27 жаштагы Царнаев Кыргызстанда туулган. 2013-жылдын апрелинде Бостон марафону учурунда 3 киши өлүп, жүздөгөн киши жарадар болгон теракт үчүн 2015-жылы айыптуу деп табылган. Агасы Тамерлан жардыруу болгондон кийин полиция менен атышууда окко учкан.

Адвокаттары ага-ини кол салганын моюнга алуу менен бирге Тамерланды радикалдашкан уюштуруучу катары сүрөттөп, иниси агасынын таасири астында калган жаш жигит деп коргоп келишти.

Прокуратура Жохар ал кол салуу үчүн агасындай эле күнөөлүү деп тапкан. Кылмышкерлер жардырууну АКШ мусулман өлкөлөрүндө жүргүзүп жаткан согуштар үчүн жазалоо экенин айтышкан.

Быйыл мартта АКШнын Жогорку соту мурдагы президент Дональд Трамптын маалында башталган апелляциялык угууларды баштоого макул болгон. Маалыматтарга караганда, иш күзүндө каралмакчы.