Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында ушу тапта “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тарапкерлеринин акциясы өтүп жатат. Мекеменин өкүлү Чыңгыз Исманов "Азаттыкка" билдиргендей, Инандыны табуу талабы менен 300гө жакын адам чыкты, алар Жогорку Кеңештин алдына чейин жүрүш өткөрүшөт.
Кыргызстанда 20га жакын "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык адам. Ал 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болууда. Милиция бул факт боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон. Инандыны Интерпол да издеп жатат.
Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.
Инандынын тарапкерлери буга чейин да бир катар тынч акцияларды өткөрүшкөн. (RK)
Дагы караңыз
УКМК: Генрих Балян алдамчылыкка шек саналып кармалды COVID-19: Дагы жети адам көз жумду, 647 бейтап жаңы катталдыЖыл башынан бери шахталардагы кырсыктарда төрт киши мерт болдуЧек ара: талкаланган үйлөрдү Түркия менен ишкерлер салып жатат