Быйыл январь-март айларында Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициянын агымы 112,1 миллион долларды түздү. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,4 пайызга аз экенин Улуттук статистика комитети кабарлады.
Ошол эле кезде Кыргызстандан инвестициянын чыгып кетүүсү 16% көбөйүп, 479,1 миллион доллар болду.
Өлкөгө тартылган инвестициянын 91 пайызга жакыны геологиялык чалгындоо ишканаларына, кен казууга, дүң жана чекене соодага ошондой эле камсыздандыруу чөйрөсүнө туура келет.
КМШ мамлекеттеринен тышкары өлкөлөрдөн келген инвестициянын көлөмү 28,3% кыскарды. Кыргызстанга акчасын эң көп салган өлкөлөрдүн ичинен Кытай биринчи орунда турат - 47,4%.
Соңку жылдары Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү түшүп кетти. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылы тикелей инвестиция 477 миллион 625 миң долларды түзгөн. 2019-жылы бул көрсөткүч 1 миллиард 76 миллион доллар болгон.
Кыргызстанда жаңы кабыл алынган Конституциядан кийин президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин түзүмүн бекитип, өлкөдө Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлик түзүлдү. (BTo)
Дагы караңыз
Бишкекте Орхан Инандынын тарапкерлеринин акциясы өтүп жатат УКМК: Генрих Балян алдамчылыкка шек саналып кармалды COVID-19: Дагы жети адам көз жумду, 647 бейтап жаңы катталдыЖыл башынан бери шахталардагы кырсыктарда төрт киши мерт болдуЧек ара: эл аралык сотко кайрылган юрист бийликти сындады