Чек ара: талкаланган үйлөрдү Түркия менен ишкерлер салып жатат

Баткендин Ак-Сай айылында чек ара жаңжалында өрттөлгөн үй.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда толугу менен талкаланган 136 үй Түркиянын жардамы менен курулуп жатат. Ушул эле окуяда курман болгон 36 адамдын жакындарына да Баткен шаарында өзүнчө 36 турак жай салынууда. Анын чыгымын жеке компаниялар өз моюнуна алды.

Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Уланбек Калманбетов Жогорку Кеңештин 16-июндагы жыйынында билдирди.

Андан тышкары чек ара чырында жабыр тарткандарга эл тарабынан 115 миллион сом чогулду. Баткен облусунун атайын эсебине түшкөн бул каражатты кайсы жакка жумшоону облус башчысы чечет.

Дагы караңыз

Чек ара: эл аралык сотко кайрылган юрист бийликти сындады Чек ара: юрист менен бийликтин дооматы Сузакта шахта урап эки киши мерт болдуКыргызстан: соода-сатыкты көбөйтүү жолдору

Ошондой эле Баткенде инфраструктураны (ред: суу, жол, жарык) калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 700 миллион сом бөлүү каралган. Ушул күнгө чейин анын 200 миллиону берилди.

Бул окуяда Баткенде беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген. Тажикстандын Согд облусунда 14 турак-жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алды. (BTo)