Сузакта шахта урап эки киши мерт болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Өрүктү тилкесинде 15-июнда шахта урап 46 жана 44 жаштагы эки киши мерт болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы куткаруучулар маркумдардын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкенин билдирди.

Көбүнчө Баткен, Жалал-Абад облустарында тургундар шахтадан өз алдынча көмүр казып каза болгон учурлар бар. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстан: соода-сатыкты көбөйтүү жолдоруСOVID-19: Бишкекке чектөөлөр кирбейт, көзөмөл күчөйтЧек ара: бийлик юристтердин кадамын сындадыАКШдагы мекендештер Баткенге 18 млн. сом бердиОрусия: мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген мөөнөт узарды