СOVID-19: Бишкекке чектөөлөр кирбейт, көзөмөл күчөйт

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирустан улам Бишкектеги кафе-ресторан, кинотеатр, балдар аянттары баштаган эл көп топтолуучу жайлар жарым-жартылай гана иштейт. Вице-мэр Виктория Мозгачева мындай чечим 15-июнда мэриянын жыйынында кабыл алынганын билдирди.

"Бишкекте жапырт чогулууга былтыр коюлган чектөөлөр алынган эмес. Алар азыр да күчүндө. Ага байланыштуу байма-байма рейд жүрүүдө. Эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөп туруучу мобилдик топтордун саны көбөйтүлгөн".

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканын 15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирген.

Бишкек жана Ош шаарлары “кызыл зонага” киргизилген.

Ушул күндөрү оору жуккандардын арасында кеминде 100 бейтаптын акыбалы өтө оор деп бааланууда.

Акыркы эки жумада эле вирустан 100гө чукул киши каза болду.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 110 миң кишиден ашты. Анын 103 миңдейи сакайып, 1900дөн көбү көз жумду. (MiK)

Дагы караңыз

Жизак: Сириядагы террорчуларга кошулгусу келгендер кармалды Байден Путин менен жолугушуу үчүн Женевага келдиДүйнөлүк банк Түркмөнстандын отчетун четке кактыТүркиянын президенти Тоолуу Карабакка бардыОрусия: мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген мөөнөт узарды Тажик чек арачылары Гүлгаакы Мамасалиеваны бошотту