Жизак: Сириядагы террорчуларга кошулгусу келгендер кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Жизак облусунун Галлаарал районунда Сирияда “Тавхид ва жиход катибасы” террорчул уюмуна кошулууну мерчемдеген топ кармалды. Бул тууралуу Жизак облустук ички иштер башкармалыгы 15-июнда кабарлаганын "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы билдирди.

Расмий маалыматка караганда, 12-июндагы ыкчам операциянын натыйжасында бул топ айныксыз далил заттары менен кошо кармалып, камакка алынган. Бирок ал кандай далил заттары экени жана кармалган топ канча адамдан турганы жазылган эмес.

“Бул жарандар чет өлкөдө жүргөндө террорчул уюмдун таасирине кирип, кийин Өзбекстанга келгенде жаңы тарапташтарды интернет аркылуу азгырып турушкан. Калк арасында деструктивдүү идеяларды жайылтып келген” деп айтылат расмий билдирүүдө.

Былтыр Ташкентте аталган террорчул уюмга таандык 21 адамдан турган топ кармалган. Андан мурун Сурхандарыя облусунун Байсун районунда 25 адам жихадчылардын уюмуна тиешеси бар деген шек менен кармалып, камакка алынган.

Дагы караңыз

Байден Путин менен жолугушуу үчүн Женевага келдиАйыл өкмөт башчыны шайлоодо нааразылык чыктыДүйнөлүк банк Түркмөнстандын отчетун четке кактыТүркиянын президенти Тоолуу Карабакка бардыОрусия: мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген мөөнөт узарды