Ушаков: Байден Навальный темасын көтөрөт

Көчөдө илинген баннер. Орусия.

Орусия тарап АКШ президенти Жо Байден 16-июнда Женевада президент Владимир Путин менен жолугушууда камактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын маселесин көтөрүшү мүмкүн экенин күтүп жатканы белгилүү болду.

Бул тууралуу Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков шейшембиде журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул багытта америкалык тараптан абдан көп сигналдар түшкөн.

Ошол эле кезде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Байден менен жолугушууда Навальный маселеси талкууланбай турганын белгилеп, "абакта отургандыктан, ал адам тууралуу сүйлөшүү болбойт" деп айткан.

Эки тарап тең Орусия менен АКШнын түрмөлөрүндө отурган камактагылардын тагдыры тууралуу сөз болушу мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт.

Байден буга чейин Путин менен жолугушууда АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн бирдиктүү турумун көрсөтө турганын билдирген.

АКШ менен Орусиянын президенттери 16-июнда Женевада жолугат.

Кездешүү америкалык-орусиялык мамиле чыңалып турган учурда өткөнү жатат.

Дагы караңыз

Футбол: Жапонияга каршы беттеште дарбазачы Матяш ойнойтАдвокат: Инандынын жубайы түрк элчисине жазган катын тапшыра албай жатат Кыргыз футболу кылым карыттыБайден Евробиримдиктин лидерлери менен жолугатОрусия: мигранттарга документ ирээттөөгө берилген убакыт аяктадыМинистрлик: коронавирустун үчүнчү толкуну башталды АКШдагы мекендештер Баткенге 18 млн. сом бердиАйзаданын өлүмү: создуккан сот, бааланбаган өмүрЭки күндө жол кырсыгынан 15 адам набыт болдуКазак активисттери АКШ элчилигинин алдына чыгыштыКриптомайнинг: тыюу жок, иштеткенге да болбойтБайден Украинанын НАТОго кирүү шарттарын атады