Орусия: мигранттарга документ ирээттөөгө берилген убакыт аяктады

Москвадагы кыргыз элчилиги.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандыктарга орус бийлиги чет өлкөлүктөргө документтерин ирээттеп алуу үчүн 15-июнга чейин берген убакыт аяктаганын эскертти. Элчиликтин маалыматына ылайык, жарандар ушул жылдын 15-июнуна чейин жарактуулук мөөнөтү өткөн документтерди (ID-карта жана жалпы жарандык паспорт) өз убагында алмаштырышы керек болчу.

Андан тышкары Орусиянын аймагында жүрүү үчүн бул мамлекеттин мыйзамдарында талап кылынган документтер - убактылуу жашап турууга уруксат, туруктуу жашоого уруксат боюнча документтер, зарыл болсо жумуш берүүчүлөр менен эмгек келишимдерин узартуу керектигин билдирди.

Өз ыктыяры менен Орусиядан чыгып кетүү тууралуу эскертүү берилгендер да бардык шарттарды аткарышы керектигин кошумчалады. Элчилик бул талаптарды аткарбагандар Орусиядан чыгарылып, кийин киришине тыюу салууга алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Мындай чаралар 2020-жылдын 15-декабрында орус президенти кол койгон жарлык жана коронавирустун жайылуу коркунучун алдын алууга байланыштуу кабыл алынган.

Апрелдин башында Кремль Орусияда 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграциялык эрежени сактабай жүргөнүн эскерткен. 15-июндан тарта буларга каршы тиешелүү жазалар ишке кирери айтылган.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден (ред: расмий эмес маалыматтарда 1 миллиондон ашат) ашат. Административдик эреже бузуу жана миграциялык талаптарды сактабаганы үчүн 43 780 кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган. (BTo/AiA)

Дагы караңыз

Коронавирус жарым айда жүздөй өмүрдү кыйдыБайден Украинанын НАТОго кирүү шарттарын атадыКриптомайнинг: тыюу жок, иштеткенге да болбойтАба ырайы: Тоолуу райондордо жаан жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ысыйтЭл баатыры Кондучалова жашаган үйгө эстелик тактасы орнотулду БУУ азык-түлүк коопсуздугу тууралуу Бишкекте улуттук диалог өткөрөт