Аба ырайы: Тоолуу райондордо жаан жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ысыйт

Бишкек.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° болот.

Дагы караңыз

Коронавирус жарым айда жүздөй өмүрдү кыйдыЫсык-Көл: эки "йакын инкарчы” диний ишениминен баш тартты"Казакстан электрди бекер бербейт"Женевада Навальныйдын граффитиси тартылдыМинистрлик: коронавирустун үчүнчү толкуну башталды УКМК: Бишкектин мурдагы вице-мэри мыйзамсыз байыганы аныкталды