Ийгиликке жеткен мигрант аялдар тууралуу китеп чыкты

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Мекенге мээримин арнаган аялзаты” аттуу китеп чыгарды. Кыргыз тилиндеги китептин автору Абдыжапар Нурдинов.

Китепте бөтөн жер, бейтааныш элдин арасында мигрант катары өмүр сүрүп, ак эмгеги менен ийгилик жаратып, коомдун өнүгүүсүнө салымын кошкон 21 айымдын өмүр таржымалы, ишмердиги тууралуу очерк-баяндар камтылган.

Китеп “Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында жарык көрдү.

Долбоор БУУнун “Тынчтыкты куруу” фондунун каржылык колдоосунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюму, БУУ-Аялдар жана Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте ишке ашырган.

Бул китеп “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду үзгүлтүксүз чыгарып келаткан “Мекендештер” сериясындагы кезектеги басылма болуп саналат.

Бир миллиондон ашуун кыргызстандык бүгүнкү күндө чет жакта эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда. (MiK)

Дагы караңыз

Куршабда айыл өкмөт шайлоого каршы митинг болду"Озодлик": Мирзиёевдин күйөө баласы 6 миң долларга кеңсе буюмдарын алганБеларус бийлиги камактагы Протасевичти маалымат жыйынга чыгардыНовосибирскидеги жарылуудан 26 адам жабыркады (видео)Ошто шайлоо өнөктүгү баштала электе милицияга төрт арыз түштү