Беларустун Тышкы иштер министрлиги Грециядан Литвага учуп бараткан Ryanair компаниясына таандык учакты Минск мажбурлап кондурган окуя тууралуу 14-июнда маалымат жыйынын өткөрдү.
Окуядан улам Минск менен Батыштын мамилеси курчуп турган учурда өткөн басма сөз жыйында ТИМ, Коргоо министрлиги жана башка мамлекеттик органдар өздөрүнүн версиясын айтып чыгышты. Маалымат жыйынына дипломаттар жана чет элдик журналисттер да чакырылды.
Бирок алардын көпчүлүгү жыйынга камакта отурган беларус блогери Роман Протасевич күтүүсүздөн алынып келингенде залды таштап чыгып кетишти. Алар блогер бийликтин кысымы менен сүйлөп жатат деп эсептешет. Бирок ал өз эрки менен чыгып, сүйлөп жатканын айткан.
Беларус бийлиги «учакты мажбурлап кондуруу атайын операция болгон эмес» деп ишендирүүгө далалат жасоодо.
23-майда өлкө бийлиги Грециядан Вильнюска бараткан учакты «бомба бар» деген шылтоо менен кондуруп, ичиндеги Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызы София Сапеганы кармап кеткен. Батыш мамлекеттери, укук коргоо уюмдары, оппозиция авторитардык лидер Александр Лукашенконун мындай аракетин сынга алып, журналисттин бошотулушун талап кылып келет.
Дагы караңыз
УКМК журналисттин дронун кайра бердиБалдар үйүндөгү өлүмдүн чоо-жайы иликтенүүдөТокаев менен Халилзад Ооганстандагы коопсуздукту талкууладыCOVID-19: АКШда Novavax вакцинасы сыноодон өттүУКМК: Абхазиядан мыйзамсыз ташылган машиналар кармалдыАКШда үч кыргызстандык бир жылдан бери дайынсыз болуудаКан жолдордо эки күндө 15 адамдын өмүрү кыйылды"Кумтөр ишин кароо АКШнын юрисдикциясына кирбейт"