Новосибирск шаарынын Октябрь районунда жайгашкан автогаз бекетинде жарылуу болуп, кеминде 26 адам жабыркады. Бул тууралуу облустагы "Тез жардам" кызматынын башкы дарыгери Ирина Большаковага шилтеме берип "Интерфакс" агенттиги жазды.
“Азыркы учурда 26 жабырлануучу келип түштү. Бирөөнүн абалы оор. Бир 12 жашар өспүрүмдүн абалы орточо деп бааланган”, – деди Ирина Большакова.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынын маалыматы боюнча өрт каптаган аянт Гусиноброд шоссесинде 800 чарчы метрге чейин жеткен. Тилсиз жоонун ал жердеги кампаларга дагы жайылуу коркунучу бар.
Орусиянын Тергөө комитети коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу Кылмыш-жазык кодексинин 238-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун жарыялады.
Дагы караңыз
Ошто шайлоо өнөктүгү баштала электе милицияга төрт арыз түштүУКМК журналисттин дронун кайра бердиБалдар үйүндөгү өлүмдүн чоо-жайы иликтенүүдөТокаев менен Халилзад Ооганстандагы коопсуздукту талкууладыCOVID-19: АКШда Novavax вакцинасы сыноодон өттүБээжин "Чоң жетинин" сынын четке кактыУКМК: Абхазиядан мыйзамсыз ташылган машиналар кармалдыКан жолдордо эки күндө 15 адамдын өмүрү кыйылдыАКШда үч кыргызстандык бир жылдан бери дайынсыз болуудаБаткен: айыл эли көчүрүп кетүүнү суранды