Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзадды кабыл алды. Бул тууралуу 14-июнда Казакстандын расмий маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Жолугушууда тараптар Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоонун шартында казак-америкалык кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Анда Ооганстандан АКШ аскерлери чыккандан кийинки коопсуздукту камсыздоо маселеси көтөрүлгөн.
Халилзад жолугушуу маалында Ооганстандагы кырдаал жана мындан аркы тынчтык жараяны тууралуу өзүнүн көз карашы менен бөлүшкөн.
АКШнын Мамлекеттик департаменти азырынча маалымат жарыялай элек.
Атайын өкүлдүн чөлкөмгө болгон иш-сапары АКШ ооган жергесинен аскерлерин чыгарып жаткан жана бул өлкөдө кайрадан жарандык согуш коркунучу тереңдеген учурга туш келди.
Дагы караңыз
УКМК: Абхазиядан мыйзамсыз ташылган машиналар кармалдыОрхан Инандынын жоголгонуна жарым ай болдуИзраилде Нетаньяхунун бийлиги аяктады Мурдагы дүйнө чемпиону Александр Поветкин бокстон кетти “Манастын урпагы экенибизди далилдейли" Наркы асман чапчыган "Арашан", эттүү ангусАсыл тукум "Арашан" кочкорлоруCOVID-19: Жалал-Абадда облустук ооруканада орун калбай калды