Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы штаб-квартирасынын сунушу менен 2021-жылдын сентябрында Нью-Йоркто өтчү азык-түлүк коопсуздугу саммитинин алкагында бир нече улуттук диалог уюштурулат.
Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин адиси Акимбек Бектеналиев кабарлады.
"Бул саммиттин алкагында биздин министрлик бир нече улуттук диалогдорду ишке ашырат. Анда Кыргызстанда туруктуу азык-түлүк системасын куруу, жашыл экономика жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу башкы темалардан болмокчу. Калктын тамактануу коопсуздугу, айыл чарбасын жакшыртуу жаатында улуттук диалогго катышкысы келген тараптарга эшик ачык", - деди Бектеналиев.
БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонио Ожиело соңку учурда өлкөдө азык-түлүктүн баасы өсүп, элдин көбү өз кирешесин тамак-аш сатып алууга жумшап жатканын белгилеп, коронавирус пандемиясы баалардын өсүшүн шарттаганын айтты.
"Абалды жөнгө салуу үчүн айыл-чарба тармагындагы өндүрүштү арттыруу керек. БУУнун азык-түлүк коопсуздугу агенттиги баштаган эл аралык уюмдар бул багытта менчик тараптар, мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар бирге иш алып баруусу зарыл", - деди Ожиело.
Азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу БУУ Кыргызстанда алты иш-чара өткөрүүнү пландап жатат. (BCh)
Дагы караңыз
Бишкек: сугат суу тартыштыгына нааразы дыйкандар акцияга чыгыштыОрусиядагы көк бөрү мелдешинде Москва шаарынын командасы жеңдиКан жолдордо эки күндө 15 адамдын өмүрү кыйылдыОш-Исфана жолундагы кырсыкта өлгөндөрдүн саны алты адамга жетти