Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашуун адам жакырчылыкта жашайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетитинин 2020-жылдагы эсебине ылайык, ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашайт.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Бир адамдын жылдык кирешеси 35 миң сомдон аз болсо кедейликте жашайт деген аныктама берилди. Ал эми жакырчылыктын жеткен чегинин суммасы 19 744 сом деп аныкталды.

Кедейликтин жеткен чегинде жашаган калктын саны 1 миллион 678 миң болду. Алардын 73,7%и элетте жашагандар.

Мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2020-жылы жакырчылыктын деңгээли Ош облусунда 6%ке, Таласта 0,8%ке азайган.

Калган аймактарда кедейлик артып, Жалал-Абадда 10,3%, Нарында 8,7%, Чүйдө 6,3%, Ысык-Көлдө 3,5%, Баткенде 2,1%ке өстү. Бишкекте бул көрсөткүч 4,9%ке жогорулады.

Жалпы жакыр калктын 58%и Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жашайт. (BCh)

Дагы караңыз

Үч шаардагы кайра шайлоого документ тапшыруунун мөөнөтү аяктадыЧоң-Алайда балык баккан ишкерОрусиядагы көк бөрү мелдешинде Москва шаарынын командасы жеңдиИгорь Якуниндин өлүмүнө байланыштуу экспертиза дайындалды