“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жактоочулары анын жоголушуна байланыштуу ишти тергеп жаткан мекеме аралык тергөө тобунун курамынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрүн чыгарууну суранып жатышат. Бул тууралуу Инандынын үй-бүлөсүнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Адвокаттын айтымында, мындай өтүнүч Инандынын жоголушуна Кыргызстандын атайын кызматынын тиешеси болушу ыктымалдыгы тууралуу маалыматтарга байланыштуу.
УКМК жактоочунун бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.
Атайын кызмат 2019-жылы айрым уюшкан кылмыштуу топтор Инандыны акча талап кылуу максатында уурдашы мүмкүн деген маалымат түшүп, “Адам уурдоо” беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталганын, ага жеке жансакчы алуу сунушу берилгенин 1-июнда билдирген.
Кыргызстанда 20га жакын "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык адам. Ал 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болууда. Милиция бул факт боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон. Инандыны Интерпол да издеп жатат. (RK)
Дагы караңыз
Москва: полицияны сындаган кыргызстандык келин камактан чыкты Өзбекстанда ВИЧти башка адамга "атайы жуктурду" деп шектелген аял кармалды 14-июндун аба ырайыОш COVID-19 эң көп катталгандар боюнча Бишкектен кийинки орунга чыкты