Бишкек-Ош жолундагы автокырсыкта алты адам мерт болду

Кырсыктан кийинки кадрлар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сүрөтү.

Бишкек-Ош жолунун 495-чакырымында, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ууру-Жар айылына тушташ жерде 12-июнда эки автоунаа кагышып, алты адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, "Мерседес-Бенц" жүк ташыгыч автоунаасы менен менен "Хонда-Одиссей" үлгүсүндөгү машине сүзүшкөн. Кырсыктан дагы эки адам жабыркаган. Алардын аты-жөнү такталууда.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Ноокен районундагы №55 куткаруу тобунан төрт кызматкер тартылып, каза болгондорду жана жабыркагандарды автоунаадан чыгарышты. Мерт болгондор Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине, жабыркаган адамдар "Тез жардамга" өткөрүлүп берилди.

2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда катталган автокырсыктардын саны жана курмандыктары тууралуу расмий маалыматтар жарыялана элек. 2020-жылы өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 адам каза болгон. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 8% көп. (ErN)

Дагы караңыз

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалдыБаш мыйзамга кодекстерди кайчы койгон камоолорCOVID-19: Беш адам каза болду, 619 бейтап жаңы катталдыЖалал-Абадда июнь окуясынын 11 жылдыгы эскерилди