Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 619 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен беш адам каза болду. Бул тууралуу 12-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.
Каза болгондордун төртөө Бишкек шаарынын, бирөө Ысык-Көл облусунун тургундары.
Жаңы катталгандардын көбү Бишкек шаарына (273), Ош шаарына (110) жана Чүй облусуна (99) туура келет. Калган облустарда беш-ондон, 20-30дан учур катталды.
12-июнга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 296 адамды түздү.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 109 миң 812 кишиге жукту. Анын 102 миң 314ү айыкканы айтылды. Вирустан жалпы 1881 адам кайтыш болду. (ErN)
Дагы караңыз
Жалал-Абадда июнь окуясынын 11 жылдыгы эскерилдиКастыкты козуткан "айтыштан" алыс болсок...Баткендик балдар Ысык-Көлдө эс алуудаАйтмаматов бажыдан "байыды" деп камалды АКШ жакыр өлкөлөргө вакцинадан каралашат