Эскерүү иш-чарасы Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Топурак-Бел ашуусунда 2010-жылдагы окуяга арналып курулган мемориалдык комплексинде өттү.
Монумент алдындагы иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коогалаңда жакынын жоготкон тургундар катышты. Буга жакынын жоготкон өзбек тектүүлөр катышкан жок. Бийлик өкүлдөр бардык жабырлануучулар чакыртылганын билдиришүүдө.
Жалал-Абаддагы эскерүү жыл сайын 12-июнда ушул жерде өтөт.
Эскерүүдө сөз сүйлөгөн өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев улуттар арасындагы ынтымак өлкөнүн өнүгүүсүнүн башкы кадамы экенин айтты.
Июнь коогасында Жалал-Абад облусунда 86 адам курман болгон. Каргашага байланыштуу 90дон ашуун кишиге кылмыш иши козголуп, алардын 65% бети ачылган. Жалпысынан июнь окуясы боюнча 49 адамга издөө жарыяланып, алардын 32си кармалган. (TB\ErN)
Дагы караңыз
Армения "коньяк" деген сөздөн баш тартканы үчүн 3 млн. евро алатАраванда 63 жаштагы киши зордуктаган өспүрүм кыз көз жарды"Алай" футбол клубунун жетекчиси алмаштыЛатвия: депутат, экс-министр тыңчылыкка шектелип кармалды