Ош облустук милициясы Араван районунда зордукталган 15 жаштагы өспүрүм кыз 15-майда көз жарганын билдирди.
Облустук милициянын маалыматына ылайык, тергөөдө өспүрүмдү 63 жаштагы кошунасы зордуктаганы аныкталган.
Окуя 2020-жылдын 20-августунда Чек-Абад айыл аймагындагы эгин талаада болгон. Өспүрүмдүн зордукталып, кош бойлуу экенин апасы үч айдан кийин ооруканага алып барганда билген.
Аталган факты боюнча өткөн жылдын аягында, 3-декабрда сотко чейинки өндүрүш ачылып, экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында кылмыш жасалгандыгы аныкталгандыктан айыпталуучу 4-июнда кармалган. Сот аны 22-июнга чейин камакка алууга чечим чыгарган.
Аталган кылмыш Жазык кодексинин 162- беренеси "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" менен катталып, Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилген. (DU)
Дагы караңыз
Жогорку сот: 13 жаштагы секелекти зордуктагандарга өкүм чыктыИзраил аң тери буюмдарын өндүрүүгө, сатууга тыюу салдыОктябрдагы тополоңдо жараат алгандар митингге чыктыМакронду жаакка чапкан француз төрт айга түрмөгө кесилди Айзаданын өлүмү: кылмышка шектүүнүн бири күнөөсүн мойнуна алды