Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда 2022-жылы өтөт

2018-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Кырчын жайлоочу.

Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын сентябрь айында өтөт. Бул маалымат президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, иш-чарага Кыргызстан атайын маданий программа даярдап барат. “Көчмөндөр ааламы” аттуу этнофестиваль болот.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. (MiK)

Дагы караңыз

Жогорку сот: 13 жаштагы секелекти зордуктагандарга өкүм чыкты2020-жылы Кыргызстанда жакырчылык өстүЕвропанын футбол чемпионаты Римде башталды “Чоң жети” пандемия, климат жана Орусияны талкуулайтИзраил аң тери буюмдарын өндүрүүгө, сатууга тыюу салды