Британдык Корнуолледеги Карбис-Бэй курорттук шаарында жума күнү “Чоң жетинин” саммити башталды. Ага индустриалдык жана демократиялык жактан өнүккөн дүйнөдөгү жети мамлекеттин жетекчилери катышууда.
Бул саммит коронавирус пандемиясы башталгандан бери жана АКШ президенти Жо Байден кызматка киришкенден кийинки “Чоң жетинин” лидерлеринин алгачкы көзмө-көз жолугушуусу.
“Чоң жетиге” кирген АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапониянын лидерлеринин бул кеңешмеси үч күнгө созулат. Австралия, Түштүк Корея, Индия, жана Түштүк Африка Республикасы саммитке конок катары чакырылды. Анын күн тартибиде көптөгөн суроолор, анын ичинде Орусия менен мамиле да коюлган.
Бирок саммиттин негизги темасы – пандемияга каршы күрөш жана андан кийин глобалдык экономиканы калыбына келтирүү жана климаттын өзгөрүшүнүн алдын алуу болмокчу.
Жакында эле Жо Байден дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнө коронавируска каршы 500 миллион доза вакцинаны акысыз берүү тууралуу АКШнын демилгесин жарыялаган.
Европа сапарынын алкагында Байден “Чоң жетинин”, НАТОнун саммиттерине катышып, европалык лидерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.
Дагы караңыз
Айзаданын өлүмү: кылмышка шектүүнүн бири күнөөсүн мойнуна алдыМакронду жаакка чапкан француз төрт айга түрмөгө кесилди Таиландда чардаган бажычыларФутбол беттеши: Кыргызстан Мьянманы ири эсеп менен уттуЕвропарламент: Лукашенконун режимине каршы санкцияны күчөтүү керек