Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Тажикстанга расмий сапарынын жүрүшүндө биргелешкен 36 документке кол коюлду.
Арасында өнөр жай жана жаңы технологиялар тармагындагы кызматташуу, тажик-өзбек инвестициялык компания түзүү, өзбек аймагы аркылуу транзиттик жүк ташуу тууралуу келишимдер, айыл-чарба тармагындагы кызматташуу тууралуу жол картасы, бир нече меморандум бар.
Мирзиёев Тажикстанга бейшембиде барды. Аны Дүйшөмбү аэропортунда мамлекет башчы Эмомали Рахмон тосуп алды.
Лидерлер эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүү маселесин талкуулашты.
Рахмон эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, маданий жана коопсуздук тармактарындагы кызматташтыгынын оң динамикасын белгиледи.
Ал эми өзбек президенти тараптардын алакасы абдан жогорку деңгээлге жеткенине токтолду.
“Тажикстан менен чектешкен бардык район, шаарлардын жетекчилерине чектеш район, шаарлар менен эффективдүү кызматташтыкты орнотуу тапшырмасын бердим. Мындай жол менен президенттер, өкмөттөр, облустар, шаарлар жана райондор ортосундагы кызматташтыкты камсыздай алабыз".
Мирзиёев кол коюлган документтер 2022-жылы ортодогу соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүгө жол ачарын кошумчалады.
Эки коңшунун мамилеси Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тушунда салкындап кеткен. 2016-жылы бийликке Мирзиёев келгенден кийин алака-катыш жакшыра баштады.
Расмий Ташкент апрелдин соңунда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалга биринчилерден болуп реакциясын билдирген. Өзбек Тышкы иштер министрлиги тараптарды кагылышууларды токтотууга жана стабилдүүлүк орнотууга чакырып, Ташкент жаңжалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даярдыгын айткан.
Дагы караңыз
“Кумтөр Голд" Нью-Йорктогу сотко тынчсыздануусун билдирдиИюнь окуясы: эл кооганы эстегиси келбейт Жапаров инвесторлорду чакырды, журтташтарга жолуктуПолицияны сындаган мигрант келин абакка түштүБайден: Орусия "карөзгөйлүктөн" кармансын