Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанга кирүүнүн жаңы алгоритми бекитилди.
Башка мамлекеттен келип жаткан кыргыз жарандарына, чет элдиктерге жана ички авиакаттамдарды пайдалангандарга төмөнкү талаптар коюлат:
-Соңку 72 саат аралыгында коронавирусту аныктаган тест тапшырганы тууралуу маалымдама;
-Же болбосо COVID-19 илдетине каршы вакцина алганы тууралуу күбөлүк (кагаз же электрон форматта).
Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаменти кабарлап, бул эреже туристтерге да таандык экенин билдирди.
Беш жаштан чоң балдарга да жогорудагы документтер алынышы керек.
Эмделген туристтер 19-июндан баштап учак аркылуу, 12-июндан кургактагы чек ара пункттарынан Кыргызстанга кирсе болот. (SE)
Дагы караңыз
Ташкент менен Дүйшөмбү самаган ири иштерИюнь коогасына 11 жылИюнь коогасына 11 жыл: президент эл аралык коомчулукка алкыш айттыБишкек-Анкара: кызматташтыктын жаңы тепкичиCOVID-19: Он күндө төрт миңдей адамга коронавирус жукту